Бүгүн, 5-декабрда эртең менен саат 9:11де Ош шаарынын өрт өчүрүү кызматына чакыруу түшкөн. Анда Ош шаарындагы турак жайлардын биринен өрт чыкканы маалым болгон.
ӨКМнын маалыматына ылайык, Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан №117-үйүнө барган куткаруучулар 57 жана 47 жаштагы эки эркек кишинин жансыз денесин таап, алар түтүнгө ууланып каза болгонун аныкташкан.
Ош ШИИББнин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, окуя болгон жерге барган шаардык милициянын кызматкерлери каза болгон 1961-жылы туулган Т.И. жана 1971-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандар бир тууган ага-ини экенин аныкташкан. Алардын жансыз денелери бир бөлмөдөн табылган.
Белгилүү болгондой, каза болгон ага-ини аялдары менен ажырашып, алар кырсык болгон үйдө чогуу жашап келишкен.