Чүйдө жүк ташуучу унаа 6 жаштагы кызды сүзүп кетип, кыз ошол жерден каза болду

Чүйдө жүк ташыган унаа 6 жаштагы кызды сүзүп кетип, кыз окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 5-декабрда саат 12:00 чамасында Ленин айылында болгон.

"Жүк ташыган унаанын айдоочусу Казакстандын жараны болгон. Ал мектептин жанындагы жолдо турган окуучу кызды сүзүп, кыз окуя болгон жерден каза болгон. Териштирүүнүн натыйжасында каза болгон кыз 1-класстын окуучусу экени аныкталды. Учурда айдоочу камакка алынып, анын унаасы айып короосуна токтотулган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматкери.

Жүк ташуучу унаа окуучу кызды сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ice87
2018-12-05 16:54:18
Эмнеге жанына барып коюшпайт!Балким тируу алып калса болор беле?
+2
Adikoo2011.
2018-12-05 20:33:18
Байкушум десе биринчи класс болсо бироо апарып апкелсе болмок жаш экен жаткан жери жайлуу болсун сурак сабаты женил болсун бейиштин торунон орун берсин Аллахым артында калгандарга сабыр берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан