АКШнын 41-президенти Жорж Бушту жерге берүү тажыясы аяктагандан кийин экс-президенттин итинин сүрөтү талкуу чордонуна түштү. Сүрөттү Жорж Буштун маалымат катчысы Жим Макграт социалдык тармакка жүктөп, "Миссия аяктады" деген билдирүү калтырган.
Маалым болгондой, каза болгон президенттин ити Салли лабрадор тукумунан болот. Ал кожоюнунун жерге берүү тажыясында маркумдун сөөгү салынган табыттын алдында жаткан. Саллинин кайгырып жатканы сүрөттөн даана байкалган. Социалдык тармакка тараган сүрөт бир нече сааттын ичинде эле 10 миңдеген "жакты" белгисин чогулткан. Ал эми колдонуучулар "Мен бул сүрөттү көргөн сайын токтоно албай ыйлап жатам", "Биз иттердин сүйүүсүнө, бизге берилгендигине татыктуу эмеспиз", "Салли, рахмат сага! Президент сендей жаныбары болгондугуна кубанычта болсо керек!" деген билдирүүлөрүн жазышкан.
Маалымат үчүн: Жаныбардын ысымы америкалык учкуч Чесли Салленбергдин атынан коюлган. Чесли Салленберг 2009-жылы 155 адамдын өмүрүн сактап калган. Тагыраагы, 2009-жылы 15-январда Нью-Йорк-Шарлотт-Сиэтл каттамындагы учак абага көтөрүлгөндөн 2 мүнөт өтпөй казарка (өрдөк тукумундагы сууда сүзүүчү канаттуу) канаттууларынын үйүрү менен кагылышып, эки кыймылдаткычы тең иштен чыгып калган. Учакта 150 жүргүнчү, 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакты башкарган Чесли Салленберг Гудзон дарыясына ийгиликтүү конгон. Кийин аталган окуянын негизинде "Гудзондогу керемет" тасмасы тартылган.