Чүй облусундагы "Чалдыбар" ветеринардык жана салмак бекетинин кызматкерлери паракорлукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери республиканын транспорттук контролунун пункттарындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоо, бөгөт коюуга багытталган ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада бир катар мыйзам бузуу фактылары катталып, 1-декабрда ветеринардык, фитосанитардык контролдун тескөөчүсү жана салмак көлөмдүк контролдун улук тескөөчүсү кылмыш убагында кармалышкан. Чүй облустук прокуратурасы кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-берененин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-берененин 1-бөлүгүнө (олпузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш ишин козгогон.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.