Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын футболчулары Азамат Байматов, Антон Землянухин жана Павел Матяш Топ-Лиганын 10 жолку чемпиону "Дордой" футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдан билдиришти.
Маалым болгондой, "Дордой" футболдук клубу аталган футболчулар менен келишим түзүп, алар менен бирге 2019-жылы Өлкө чемпиондугунда жана АФК Кубогунда ойношот. Өлкө чемпиондугу жана АФК Кубогу 2019-жылдын март айында башталат.
Азамат Байматов 2015-жылдан бери Өлкө чемпиондугунда ойнобой калган. 2018-жылы Индонезия чемпионатында "Борнео" клубунун атынан оюн талаасына чыккан. Ал эми Антон Землянухин Казакстан чемпионатында "Атырау" клубунда оюн өткөргөн. Көп өтпөй эле "Илбирс" клубуна өткөн. Бирок алган жаракатынан улам ал жакта оюн өткөрө алган эмес. Павел Матяш Өзбекстандын АГМК футболдук клубунда ойноп, 2018-жылы келишимди узартпай, азыркы тапка чейин клубсуз жүргөн.