Адистер 2019-жылдын эң негизги түсүн аташты

АКШлык Pantone изилдөө борбору 2019-жылдын негизги түсүн атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Адистердин билдиргенине ылайык, жылдын негизги түсү болуп коралл өңү аталган. Бул түс суу алдындагы рифтердин түсү, ошондой эле жайдын аптаптуу күнүндө күүгүм кирип бара жатканда асман дал ушул коралл түсүнө боёлот.

Pantone институтунун вице-президенти Лори Прессман аталган түс адамга жылуулук, ишеним жана жакшы маанай тартуулай турганын билдирген. Аталган түстү учурда дүйнө жүзүндөгү белгилүү дизайнерлер өз эмгектеринде колдоно турганын билдиришкен.

Pantone институту жылдын негизги түсүн 2000-жылдан бери аныктап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан