Казакстандын талаасынан унаалары бузулуп жолдо калган 94 жүргүнчү куткарылды. Арасында Кыргыз жарандары да бар

Казакстандын талаасынан акыркы 5 күн аралыгында унаалары бузулуп жолдо калган 94 жүргүнчү куткарылды, алардын сегизи Кыргыз жарандары болду. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы күндөрдө "Сарышаган" куткаруу пунктунун кызматкерлери тарабынан Караганда облусунан 43 адам куткарылган. Алардын ичинен 35и Өзбек жарандары болсо, сегизи кыргыздар.
"1-декабрь күнү Газель үлгүсүндөгү кичи автобус бузулуп, жолдо калган. Анын жүргүнчүлөрү 8 Кыргыз жараны болгон. Аларга тиешелүү жардам көрсөтүлүп, Сарышаган айылындагы эс алуу үйүнө жайгаштырылган. Ал эми 5-декабрда таңкы саат 04:00 чамасында Алматы-Екатеринбург унаа жолунда 51 жүргүнчүсү менен келаткан автобус бузулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган аймакка куткаруучулар жөнөтүлүп, талаада тоңуп калган жүргүнчүлөр куткарылган. Жүргүнчүлөргө тиешелүү жардам көрсөтүлүп, анын 35и Сарышаган айылынын темир жол бекетине жеткирилген. Автобустун айдоочусу жана 16 жүргүнчү жакын жерде жайгашкан кафелердин бирине жайгаштырылган. Узак жолго сапар алганда унаа бузулбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жаз, жай, күз мезгилинде адамдар узак убакытка чейин жардам күтө алса кышында кыска убакыт аралыгында тоңуп калуу коркунучу бар. Унаанын ичинде отуруп деле тоңуп калышы мүмкүн, ошол себептен мындай учурларда тез арада жардам көрсөтүлүшү керек", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, азыркы тапта Казакстандын аймагында 40 куткаруу пункту иш алып барууда. Айта кетсек, Караганда облусунда түн ичинде суук 22 градуска чейин төмөндөйт.
 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jasa
2018-12-06 14:25:37
Андан коро переседка кылып келгиле документ жакшы болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан