Бишкектеги соода борборлорунун биринде өрт чыкты деген маалымат такталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кызматына чакыруу саат 09:57де түшкөн. Анда "Ала-Арча" соода борборунан түтүн чыкты деген маалымат айтылган. Аталган дарекке 2 өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн.
"Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Ала-Арча" соода борборунан "түтүн чыкты" деген маалымат келген. Бирок өрт өчүрүүчүлөр дарекке жеткенге чейин жаралган маселе чечилген. Эч ким жабыркаган эмес", - деп билдиришти ӨКМдан.