"Алиментке деп которулган акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан". "Кыргыз почтасы" мекемесинин Токтогул райондук жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Токтогул райондук прокуратурасы "Кыргыз почтасы" ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, кызматкерлердин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Кыргыз почтасы" мекемесинин Токтогул райондук филиалынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалдарынан пайдаланып почтанын кардарларынын биринин наамына салынган акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан. Аталган акча каражаты кардардын наамына мурдагы жолдошу тарабынан сентябрь жана октябрь айлары үчүн которулган алименттин акчасы болгон. Жарандардын укугун бузуп, аталган жооптуу кызматкерлер жарандарга жалпы 175 миң сом зыян келтирген", - деп жазылат маалыматта.

Чогултулган материалдар иликтөө үчүн тиешелүү органдарга берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JaneEr
2018-12-06 18:41:51
Сот аткаруучулар мага да 10000 сом алименттен
бер деп талап коюшкан,баланын акчасын да жеп олуп кетишет уяты жоктор.Алимент ото койгойлуу масале.Соттор да почта да жеп атып баланын озуно жетпей жок болот экен баштан отуп жатат.
+2
taalay25
2018-12-06 19:20:45
Эки айдын алименти 175 мин сом болобу?
+1
Nurkyz1977
2018-12-06 20:49:48
Токтогулда бут жеп жутарлар.
-1
Munar92
2018-12-06 21:53:20
Супер тийешелуу болумго чыгарып бериниздерчи. Синдим ажырашкан 1 уулу бар алиментке тапшырганына 1 жыл болду толобойт. Жакында экс куйоосу уйлонду. Апасы москвада иштеп журот. Кантип ондурсо болот
0
akuna.matata
2018-12-07 11:06:50
Жеп жутар сукттар коп аябай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан