Пеле: "Мессиге салыштырмалуу Марадона мыкты болгон"

"Мессиге салыштырмалуу Марадона мыкты болгон". Мындай пикирин дүйнөлүк футбол жылдызы Пеле маектеринин биринде айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Пеле Месси сол буту менен гана ойной ала турганын кошумчалаган.

"Башы менен да, оң буту менен да, сол буту менен да ойной алган футболчуну кантип бир эле буту менен ойной алган, бир эле ыкмага көнгөн, башы менен жакшы сүзө албаган оюнчуга салыштырып болот? Кайсы бир футболчуну Пеле менен салыштыруу керек болсо, анда ал сол буту менен да, оң буту менен да, башы менен да ойноо жөндөмүнө ээ болушу керек.

"Марадона же Месси" деп сурай турган болсоңор. Мен Марадонаны дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу деп эсептейм. Эгер "Марадона Мессиден мыкты болгонбу" деп сурасаңар, "ооба" деп жооп берем", - деген Пеле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aktilektaanyshbek
2018-12-07 09:18:45
Пеле - легенда!
+8
ZMirbek.4455
2018-12-07 09:32:25
Коойчай
-6
taalay25
2018-12-07 10:16:31
Марадона легенда да
+9
mbmur
2018-12-07 10:28:58
Бул киши каарыган сайын акылдан азып баштады.Марадонанын айырмасы кол менен гол киргизип ЧМ ны утканы.А болбосо Лео мыкты.
-7
bond
2018-12-07 10:40:16
mbmur,а Месси ЧМны уталбай жургону Марадоннадан айрымасы.
+6
Kudi
2018-12-07 10:30:13
ар доордун өзүнүн мыктысы бар
-1
nukura_jigit
2018-12-07 11:08:39
Оа доордун мыктылары болот. Пеле бир маегинде дуйнонун мыктысы Месси деген
-1
admiral
2018-12-07 11:24:50
Ал учур башка, бул учур башка айырмасы чон.
-1
warcaw
2018-12-07 11:54:44
Месси акча бербей койгон окшойт да...
-2
AIA-TOO
2018-12-07 12:14:07
Месси сол буту менен эле башкаларын оң бут сол бут баштарын кошуп аткарып коёт.
+2
Modric10
2018-12-07 21:47:47
Билбейм мен эч ушу мессиге куйормандык кылган эмесмин.оюну жакпайт кысказы.пеле вы прав
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан