53 жаштагы айымды унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жаран кармалды
15-июлда саат 07:30 чамасында Аламүдүн районундагы ГЭС-5 айылында 53 жаштагы айымды унаасы менен сүзүп,
окуя болгон жерден качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма
сөз кызматы билдирди. “Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында МАИ кызматкерлери жол
кырсыгына катыштыгы бар, мас абалында унааны айдап жүргөн Сокулук
районунун Чыңгызбек аттуу тургунун кармашкан. Ал жаран Аламүдүн РИИБине,
ал эми Мазда-323 үлгүсүндөгү унаасы унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Учурда иликтөө
иштери жүргүзүлүүдө”,- деп жазылат билдирүүдө.