Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 7-декабрга караган түнү саат 02:16 чамасында Ырдык айылында орун алган. Анда Ауди С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон чыгып кетип, тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркаган. Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барып, айдоочуну унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.