Баткен районунда 13-июлда саат 15:10 чамасында Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен окуучунун сөөгү табылды. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, 1998-жылы туулган Райимберди Улукбек уулун издөө үчүн 15-июлда ӨКМнын Республикалык №3-издөө-куткаруу отрядынын 14 куткаруучусу тартылып, саат 19:30да чөгүп кеткен баланын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.