
Бишкекте көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чемпиондук 8-9-декабрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Анда жалпысынан 15 комплект медаль ойнотулат. Катышуучулар 10-11, 12-15 жана 15 жаштан жогору болуп 3 топко бөлүнүп, өз ара күч сынашат.
Алгач тандоо туру орун алып, 1-орундан 8-орунга чейин жайгашкан спортчулар чемпиондуктун финалдык баскычына өтөт.