Эки адамдын өмүрүн алган Оштогу жол кырсыгынын видеосу жарыяланды. Каза болгондордун бири 51 жаштагы Кытай жараны болсо, экинчиси 31 жаштагы Кыргыз жараны болгон. Дагы 3 адам ооруканага жеткирилген.
Айта кетсек, жол кырсыгы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Каратай айылында 5-декабрь күнү саат 16:30 чамасында катталган. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп кеткен.