Аймактардагы көрнөк-жарнак, маалымат такталарга жергиликтүү бийлик тарабынан такыр көңүл бурулбайт. Алар калк жайгашкан жерлердин көркүн бузат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы борбордук көчөдө "2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жазылып турат. Андан бери 2018-жылды "Тарых жана маданият жылы" деп жарыялашканы маалым. Эми босогодо 2019-жыл турат. Ушундай административдик иштерди жасап койбогон жергиликтүү бийлик башка иштерди кандай аткарат? Айтайын дегеним дегеле аймактарда, борбордон алыс жайгашкан жактарда көрнөк-жарнак, маалымат такталарга жергиликтүү бийликтегилер көңүл бурбайт. Алар эскирип, сыры кетип, айрылып калганча көрктү бузуп тура берет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.