Жогорку Соттун имаратынын алдында "ата журтчу" 3 депутаттын тарапташтары бир жарандын футболкасын айрып салышты

Бүгүн, 16-июлда Жогорку Соттун имаратынын алдында айыпталып жаткан “ата журтчу” 3 депутаттын тарапташтары журналист Рысбек Токтоналиевдин футболкасын айрып салышты. Рысбек өзү билдиргендей, 2 аял милиция кызматкерлери менен урушуп жатканын видеокамерага тартып жаткан, нары жактан 1 аял келип тартпа деген. “Мен кайрылып кетейин деп жатканда аркамдан тартып, футболкамды айрып салды. Милиция кызматкерлери келип ажыратып калышты. Мен бул иш боюнча тиешелүү органдарга арыз жаздым.”,- дейт ал. Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Сотто депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов боюнча соттук отурум болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
saysat
2013-07-16 11:54:13
Айтпадым беле. Булардан ушуну гана кутсо болот да. Булар жетекчилериндей билими аз, акылы тайкы адамдар. анан ушулар олконун тагдыры учун курошуп атабыз деп атышабы. деги заман эмне болуп барат. Кудай озун сактай кор.
+1
bantik
2013-07-16 12:20:44
Обончу катындардан качан кутулабыз деги. Буларды эне статусунан айрып салсак гана чыкпай калышабы, эне эмес эле айбан кейпиндегилер. Булардын балдарынан кандай адам чыгат?! Обончулар тартипсиз, ууру-кескилерди даярдап жаткандарынан шегим жок. Обончуларды пайдаланган адамдар дагы адамдык парасатынан айрылгандар. Алар оздорунун ото ыплас адамдар экенин коомго корсотуп жатышат.
+1
bantik
2013-07-16 12:37:15
Обончу катындар канча адамга зыян, моралдык ушерб алып келип жатат. Акылы тайкы адамдардын бул кылмышы как баштарына гана тийбестен балдарынын, жакындарынын да башын жутат.
+1
LEP888
2013-07-16 13:44:22
Жузу кара бети жок катындар, акча учун абийрин сатып, бутундой кыргыз элинин тагдырын чечип калды, буларды колдонгон эргулдарга данк жана дунк. Энелердин, катындардын этегине канчага чейин жамынып журушот болду экен.
0
aziz2000
2013-07-16 15:33:38
Уфф-ф,куйдургондо да ушул "телеохранитель апалар"куйдурду го?Буларды не кылса болот деги?Карыганда оз ордуларын билбеген уятсыздар экен да.
+1
bantik
2013-07-17 09:13:57
Ташиевдин жузун байкап алгыла. Журналисттин устундогу кийимин айрыган, Камчы Ташиев акенин бир тууган карындашы Каныгул Ташиева экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан