Валентина Шевченко UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук куру үчүн Йоанна Енжейчик менен кармашты

Бүгүн, 9-декабрда Канаданын Торонто шаарында мушкер Валентина Шевченко польшалык мушкер Йоанна Енжейчик менен беттешке чыкты. Алар UFC уюмунун эң жеңил - 57 килограмм салмактагы чемпиондук куру үчүн кармашууда.

Учурда беттеш кызуу өтүп жатат. Шевченкону машыктыруучусу Павел Федотов менен бир тууган эжеси Антонина коштоп барган.

Айта кетсек, Шевченко ММА боюнча 15 мелдештин жеңүүчүсү. Эки ирет бразилиялык Аманда Нуниске, бир жолу америкалык Лис Кармаучтан утулган.

Ал эми анын каршылашы Енжейчик 15 беттешти утуп, эки ирет америкалык Роуз Намаюнастан жеңилип, 52 килограмм салмактагы чемпиондук наамынан ажыраган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ruslanz
2018-12-09 11:27:01
Ишенимдуу женди,азаматсын.
+2
AIA-TOO
2018-12-09 11:31:51
ruslanz, Нокаут менен жеңдиби?.
0
Take_men
2018-12-09 12:37:58
AIA-TOO,жок очко менен
0
Lutfulla
2018-12-09 12:15:33
Толлук бойдун видеосун кайда корсо болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан