Кыргыздан чыккан мушкер Акжол Сулайманбек уулу Азия чемпиону наамын коргоп алды

Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча Азия чемпиону Акжол Сулайманбек уулу кезектеги беттешин өткөрүп чемпиондук курун сактап калды.

Акжол Сулайманбек уулу Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн мелдеште филиппиндик Жон Жон Эстрада менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Сулайманбек уулу атаандашына бир нече жолу таамай сокку узатып, бирок филиппиндик мушкердин каршы чабуулдарынан коркуп, өзүнүн чабуулдарын аягына чейин чыгарбай жатты. Филиппиндик мушкер өзүн көрсөтө албай, Акжол Сулайманбек уулу чемпиондук курун сактап калды.

27 жаштагы Акжол Сулайманбек уулу буга чейин профессионалдык карьерасында 12 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jake91
2018-12-10 10:25:12
Молодец дагы да коргоп журо бер
0
dastan_nookat
2018-12-10 10:26:45
Видеосун жуктогом
0
kuke007
2018-12-10 10:50:15
Азаматсын братан! Мындан ары да ийгилик болсун
0
tulpar90
2018-12-10 12:01:27
Россиянын атынан чыгабы?
0
Adi.Avazbekov
2018-12-10 19:07:38
tulpar90,mende da uwul suroo paida boldu.
0
kansuluu
2018-12-10 20:08:26
Россиянын атынан Кыргызстандын желегин которуп чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан