Кечээ, 9-декабрда Канаданын Ванкувер шаарында муз үстүндө бий боюнча Гран-При мелдешинин финалы орун алды. Анда жеке жана жуптар арасындагы мелдештер өттү.
Бул мелдеште фаворит делген орусиялык муз үстүндө бийчилер өзүн ийгиликтүү көрсөтө албай, алтын медалдарга илинбей калышты. Кыз-келиндер арасындагы мелдеште 2018-жылы Түштүк Кореяда өткөн Кышкы Олимпиаданын чемпиону Алина Загитова алтын медалга бир кадам жетпей калды.
Кыска жана эркин программанын жыйынтыгында 16 жаштагы япониялык бийчи Рика Кихира 233,12 упай алып алтын медалдын ээси болду. Күмүш медалды 226,53 упайга ээ болгон Алина Загитова тагынса, коло медалды дагы бир орусиялык спортчу Елизавета Туктамышева тагынды, ага калыстар 215,32 упай беришти.
Кыска программада япониялык Кихира калыстардын 82,51 упайына ээ болуп, Гран-При мелдешинин рекордун жаңылады. Бул программада 2-орунду ээлеп калган Загитова калыстардан 80,78 упай алган.
Айта кетсек, белгилүү орусиялык спортчу, Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Евгения Медведева бул мелдеште курамга кошулган эмес.
Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы 6 орунду Орусия жана Япониянын спортчулары ээлеп алышты. Жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:
1-орун: Рика Кихира (Япония) - 233,12 упай;
2-орун: Алина Загитова (Орусия) - 226,53 упай;
3-орун: Елизавета Туктамышева (Орусия) - 215,32 упай;
4-орун: Каори Сакамото (Япония) - 211,68 упай;
5-орун: Софья Самодурова (Орусия) - 204,33 упай;
6-орун: Сатоко Мияхара (Япония) - 201,31.
Ал эми жуптар арасындагы мелдештин алтын медалынын ээлери франциялык Ванесса Жеймс менен Морган Сипре болду. Алар кыска жана эркин программада 219,88 упай алышты. 2-орунда кытайлык Чэн Пэн менен Цзинь Ян 216,90 упай менен болду, 3-орунду 214,20 упай алган орусиялык Евгения Тарасова менен Владимир Морозов ээледи.