Хоккей боюнча Кыргыз курама командасы Малайзияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медалдарга ээ болушту

Кыргыз курама командасы Малайзияда өткөн хоккей боюнча жаштар арасындагы (U-20) Азия чемпиондугунда күмүш медалдарды жеңип алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына хоккей федерациясынан билдиришти.

Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн мелдеште Кыргыз, Малайзия, БАЭ жана Филиппин курама командалары катышкан. Кыргыз курама командасы 1-турда филиппиндик хоккейчилер менен күч сынашып, 13:2 эсебинде утуп алса, 2-турда Бириккен Араб Эмираттарынын курамасын 12:3 эсеби менен жеңген.

Жыйынтыктоочу 3-турда Кыргыз курамасы менен Малайзия курамасы кездешип, беттештин жыйынтыгында 4:2 эсеби менен Малайзия курама командасы жеңишке ээ болду.

Муну менен 1-орунду Малайзия ээлесе, 2-орунду Кыргыз курама командасы ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tolkun555
2018-12-10 11:44:44
Азаматтар болот экен го
+1
Dembele84
2018-12-10 12:25:26
Азия чемпионатына торт эле команда катышканы кызык экен,болгондо да кар корбогон ысык олколор менен ойноптур.Япония,Корея,Кытай,Казахстан ж.б бири да жокко.Жон эле торт мамлекет суйлошуп оздору чемпионат уюштуруп алгандай болуп калыптыр.
+2
zahid
2018-12-10 13:04:09
Кыргыз олкосу дебейсинерби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан