Канаданын Торонто шаарында 9-декабрда өткөн UFC 231 мелдешинде катышкан спортчулардын гонорарлары белгилүү болду. Мындай маалымат UFC уюмунун расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, UFC 231 мелдешинде эң көп алган гонорар 490 миң долларды түздү. Бул сыйлыкка кеченин негизги беттешинин жеңүүчүсү Макс Холлоуэй ээ болду.
Ал эми Кыргыз жергесинен чыккан мушкер Валентина Шевченконун жалпы гонорары 130 миң долларды түздү. Ал беттеш үчүн 130 миң доллар, Reebok компаниясынан демөөрчүлүк катары 30 миң долларга ээ болду.
Эске салсак, UFC 231 мелдешинин алкагында Валентина Шевченко польшалык Йоанна Енжейчик менен кездешип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жеткен.