Казакстанда кичи автобустун күйүүчү майы тоңуп жолдо калган 19 Кыргыз жараны куткарылды

Казакстандын Павлодар облусунда жолдо калган Кыргыз жарандары куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-декабрда Павлодар-Омск унаа жолунан Кыргыз жарандары менен бараткан кичи автобустун күйүүчү майы тоңуп калып, жолдо калган.

"Жүргүнчүлөрдү ташыган Ноокат-Омск багыты менен чыккан 19 жүргүнчүсү бар кичи автобус Терең-Көл айылынын жанына жетпей токтоп калган. Ага кичи автобустун күйүүчү майынын тоңуп калганы себеп болгон. Павлодар облусунун Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери тарабынан кичи автобус Терең-Көл айылына чейин сүйрөтүлүп алынып барган. Ал жерден 19 жүргүнчүгө, анын ичинен 3 кичинекей балага ысык тамак берилген. Өрт өчүрүүчү кызматынын кызматкерлери тарабынан кичи автобус оңдолуп, ал кайрадан жолго чыккан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан