Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Өлкө чемпиондору аныкталды

Кечээ, 9-декабрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасындагы Өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Аталган мелдеште жалпы эсепте 90 спортчу 3 категорияда күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында Өлкө чемпиондору наамына 2004-жылга чейин төрөлгөндөр арасында Айша Изабекова, 2006-жылга чейинки спортчулар арасында Сабина Папушина, 2008-жылдарга чейинкилер арасында Альбина Козубекова татыды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

2004-жылга чейин төрөлгөндөр арасында:

1-орун: Айша Изабекова;

2-орун: Агата Быковская;

3-орун: Карина Капканец.

2006-жылга чейин төрөлгөндөр арасында:

1-орун: Сабина Папушина;

2-орун: Илима Токтокожоева;

3-орун: Рамина Ботонбаева;

2008-жылга чейин төрөлгөндөр арасында:

1-орун: Альбина Козубекова;

2-орун: Самира Кульмамбетова;

3-орун: Тинатин Сатыкеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mavlyuda
2018-12-10 16:59:18
Сонун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан