Ат-Башы райондук прокуратурасы жасалма нике күбөлүгүн жасоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Нарындын Ат-Башы райондук прокуратурасы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык документтерди бурмалоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 2010-жылы аталган райондун жарандык абалдык актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Ш.А. өзүнө жана башка адамдарга мүлк өткөрүп алуу кызыкчылыгын көздөп жасалма нике күбөлүгүн даярдаган. Ал В.Абдылдаева аттуу айымдын уруксаты жок эле А.Төлөев аттуу жаран менен бир үй-бүлө экендигин тастыктай турган жасалма нике күбөлүгүн жасап берген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tabyshmak
2013-07-16 22:45:48
Эгер бурмалоо чындык болсо, кармалганы ырас болуптур. Кандайдыр бир кызыкчылык учун бироону пайдаланган туура эмес. Эми мындан бул жагы ЖААЖ болум башчысынын чонтогунон коз каранды болбосо эле болгону.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан