Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы: "Унаанын ичинен ачуу чаңырып, инспектордон жардам сураган аялды эч ким сабаган эмес"

Интернетте 9-декабрь күнү жергиликтүү телеканалдардын биринде тартылган берүү кызуу талкууга алынган. Анда инспектор жолдон унааны токтотуп, унаанын ичинде кыйкырып жардам сурап жаткан аялга көңүл бурбастан, унаанын айдоочусу менен обочороок басып кеткенин көрүүгө болот. Бул окуя боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы инспекторго карата кызматтык иликтөө башталганын кечээ, 10-декабрда SUPER.KG'ге билдирген.
Бул боюнча аталган башкармалыктан төмөнкүдөй билдирүү таратылды.
"Жакында социалдык тармактарда шаардык телеканалдардын бири даярдаган видеоматериал жарык көрүп, ошол жерде Руслан Харизов аттуу колдонуучунун социалдык тармактагы баракчасында Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери пара катары 2500 сом акча каражатын алып, андан сырткары эркек адам тарабынан сабалган аял кишиге жардам берүүгө аракет кылбагандарына күнөөлөгөн билдирүүнүн скриншоту тиркелген. Бир аз убакыт өткөн соң автор өзүнүн постун өчүрүп салган. Сабалышы мүмкүн болгон Камилла аттуу кыз башкармалыкка келип, жогорудагы окуяны төмөнкүдөй түшүндүрдү.
Анын айтымында, аны эч ким сабаган эмес, жарандык жолдошу экөө уруша кетип, автоунаанын ичинде отурушкан. Ал эми автоунаанын рулунда жолдошунун досу отурган. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын тескөөчүлөрү токтоткон кезде аларга дагы ушинтип түшүндүрүшкөн. Кыздын жарандык жолдошу ошол күнү түнкү клубда экөө уруша кетишкендигин, күч колдонуу же ур-токмокко алуу болбогондугун жана милиционерлерге нааразычылыктары жоктугун билдирген. Ошондой эле автоунаанын терезелери караңгылатылгандыгына байланыштуу административдик протокол түзүлүп, автоунаанын терезелеринен плёнкалары сыйрылган. Бул факты боюнча азыркы учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек ШИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин иш-аракеттери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет", - деп билдирет маалымат кызматы.
Унаадан кыйкырып, жардам сураган айымга инспектор жардам бербей басып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Leilek91
2018-12-11 16:23:03
Сыйрыбай эле коё бердиго акчасын алып
+2
Jango
2018-12-11 16:27:38
Кандай болгон ченде деле жардам сурап кыйкырганда машинанын эшигин сындырып эле чыгарыш керек болчу силердин ушундай шалакы тупой лох мамленерден карапайм эл жабыркап жатат
+4
Asylai88
2018-12-11 16:34:21
Элге сыйрыды деп койот да акчаны бергенден кийин кетти да билгенини кыл деп. Аялы эмесмин деп кыйкырып жатты эле го же кыздын да оозун акча менен басып койдубу?
+1
Nargiza1987k
2018-12-11 16:42:17
Баарибир мин жолу куйоосу болгондо да карашы керек болчу бизде мыйзам иштебейт оозго алгыс создор менен ичин талаштыра соккун келет бирок деген жери барда ХХХХ десе
+3
ruslanz
2018-12-11 17:29:26
Элди кичинекей баладай эле корушот,мындай деп айтып коелу деп.Кандай болгон кундо да болумго алып барып териштирип,эгер арыз-мун жок болсо кое бериш керек болчу.
+2
Almaz_kg
2018-12-11 20:21:17
Жанакы Аялдардын укугун коргойм дегендео кана? тыптыч жоксунарго укугун коргобойсунарбы же хиджапка асылганды эле билесинерби?
+3
Tolkun555
2018-12-12 00:21:59
Almaz_kg,эн туура кана ошо НПОлор шариятка келгенде эле чуу чыгарып чыгып каласынар.коргобойсунарбы кордолгон аялдарды.
+1
TalaCSKA
2018-12-11 21:14:22
Окоо урушуп атат деп койсо эле ишенгидей эмне инспекторлор келесообу !??? Убагында жардам бербегени учун иштен айдаш керек инспекторлорду.эртеси куну эмне болгону маанилуу эмес эн башкысы убагында жардам беришкен жок!!!
+1
ruslan_92kg
2018-12-12 00:39:17
Актана беришетта эми. Унчукпасатан кое берип жибердинерго. Протокол тузулгондур плёнкасын чечпединер. Бут кыргызстан корсо да алдап жатышкандарын
+1
Arsenal93.
2018-12-12 04:10:55
Болот ибрагимовтун видеосу журот ют..да ошону корсонор кыздын аты арызда камила деп журот а видеону толугу менен коро турган болсок тиги бала вика деп суйлогонун угасынар.Ошондо вика кайда калды олтуруп коюштубу же катуурак сабап кофп арыз жазганга мумкунчулугу жоктур.урматтуу супер ушуну жакшылап териштирсенер
+1
4ika1989
2018-12-12 08:25:47
Тфу пленка сыйрылды деп ушунча элди алдап атпайбы нагло, сыйрымак тургай айнеке жакын басып баралбадыго менттер, Азияттан башкасы, дагын каратып туруп сыйрылды дейсинби,уят эмеспи алдаганынар, надо была сразу сыйрыш керек эле анан кызга жардам бериш керек эле
+1
aerforce
2018-12-12 12:48:32
Бурмалаштыда домкратың күчтүү болсо тескерисинче ошол кыз сабап жаткан деп койбос бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан