Футболчу Ильзат Ахметов: "Мен өлкөмдү саткан жокмун, тескерисинче, туулган жеримдин атагын чыгаргым келет"

Мурдагы футболчу, комментатор, блогер Евгений Савин Кыргыз жеринен чыккан футболчу Ильзат Ахметов менен маек курду. Евгений Савин өзүнүн видеоблогунда Москва шаарында жашаган Ильзат Ахметов менен маек куруп келип, Ахметовдун биринчи машыктыруучусу жана атасынын пикирин уккан.

Маектин жүрүшүндө Савин Ильзат Ахметовго төмөнкүдөй суроо берген:

- "Сага "Орусиянын жарандыгын алып, өлкөбүздү сатып кеттиң" деп жазгандар болдубу? Аны кандай кабыл алдың?"

- "Чынында "өлкөбүздү сатып кеттиң" деп жазышса, ыза болом. Бирок мен аны жүрөккө жакын кабыл албайм. Анткени бул абалды түшүнгөндөр менин чечимимди туура кабыл алышат. Мен өлкөмдү саткан жокмун, тескерисинче, туулган жеримдин атагын чыгаргым келет", - деп жооп кайтарды.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында туулган. Алгач бишкектик "Алга" футболдук клубунда ойноп келген. 11 жашында Орусияга барып, Юрий Коноплёвдун футбол академиясында тарбияланып баштаган. Андан соң Ильзат Ахметов "Рубин" футболдук клубу менен келишим түзүп, 16 жашында "Рубинде" дебют жасаган. 2018-жылы Ильзат Ахметов ЦСКА клубуна келген. Азыркы тапка чейин РЛПнын алкагында 14 оюнга катышып, Чемпиондор Лигасында дагы беттештерге катышканга жетишкен. Орусия улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов Ильзат Ахметовду курамга чакырган. Бирок Ахметов жаракат алганына байланыштууу машыгуу жыйындарына бара алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ruslanz
2018-12-11 14:19:57
Талкуу жабык.
-3
futboler
2018-12-11 14:46:03
Молодец
+4
pyeon hwa
2018-12-11 14:52:52
Кыргыз жараны катары деле ошол клубдарга бармаксын, орус жараны болгондон кийин бывший мекенине ойной албайсын орус болуп, сенин зыянын да жок пайдан да жок, Валентина эжекебизди коруп улгу алсан болот жок дегенде кыргыздын желегин желбиретип!
+9
Kgda
2018-12-11 14:53:44
Ильзат учун ЦСКА командасына болет этем.
+6
TalaCSKA
2018-12-11 15:33:21
Жаш футболист Россиядан легионер болуп туруп футбол карьерасын улантып кетиши мумкун эмес аны да туура тушунуп жаман соз айтпай карьерасы онуп орчушуно тилектеш бололу туугандар
+9
Modric10
2018-12-11 17:59:08
Ильзатка ийгилик. Андан да чон клубдарга бар.Кыргызстанда оспойт болчун туура кадам жасадын.бул жерде саткын деген соз айтуу ото чон жанылуу.каалашынарча минус баскыла
+10
Kristianuronaldu
2018-12-11 20:49:38
Ильзат кучтуу полузашитник,ал европанын кучтуу кулубдарында ойногонун коруп калууга тилектешмин
+4
KyrgyzKagan
2018-12-12 01:42:35
Азамат, буйруса Реал-мадриддин ойноп калсын.
+3
ilgiz-kg01
2018-12-12 06:15:06
Ильзат сага караганда Валя тузук чыкты!!
+1
Modric10
2018-12-12 10:04:26
ilgiz-kg01,сен тынч эле отурчу
Озундо онор барбы озу
-2
ZMirbek.4455
2018-12-12 15:49:32
Кыргызстанда болгондо чыкбайт болчу,туура.бир Россиянын жарындыгын албаш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан