Контрабандалык жол менен 3 тонна сырды Казакстанга алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды
15-июлда контрабандалык жол менен сырды Кыргызстандан алып чыгууга
аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка
ылайык, Талас облусундагы “Чоң-Капка” чек ара бекетинде тиешелүү эмес
жерден өтүп кетүүгө аракет кылган ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унааны чек
арачылар токтотушкан. Кыргызстандан Казакстанга багыт алган унаада контрабандалык
жол менен ташылып бара жаткан 3 тонна сыр болгон. Тиешелүү документтер
толтурулган соң жүк жана унаанын айдоочусу укук коргоо органдарына өткөрүлүп
берилди.