Бүгүн, 11-декабрда өлкөбүздүн мыкты бомбардири, футболчу Антон Землянухин 30 жашка толду. Ал 1988-жылы Кант шаарында жарык дүйнөгө келген.
Антон Землянухин кичнекей кезинен тарта футболго кызыгып, "Абдыш-Ата" футболдук клубунда тарбияланган. 19 жашында Түркиянын 1-лигасында ойногон "Гиресунспор" командасы менен 5 жылга келишим түзгөн.
2009-жылы Землянухин менен аталган клубдун жетекчисинин ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, канттык "Абдыш-Атага" кайтып келген. Антон Землянухин Түркияда чет өлкөдөн келген футболчулар арасында 10 мыкты оюнчунун катарына кирген.
2010-жылы футболчу казакстандык "Тараз" футболдук клубуна ижара иретинде өтөт. Ал жакта дагы өзүн мыкты көрсөткөнгө жетишип, сезондун аягында "Тараз" менен келишимди узарткан. Казакстанда дагы Землянухин мыкты оюнчулардын катарына кирген. Ал жалпы Казакстан лигасында ойногон оюнчулардын арасында 42-орунду ээледи.
2011-жылы Землянухин жаракат алып калып, карьерасын "Таразда" уланта албай калган. 2012-жылы жаракаты айыгып, казакстандык "Актөбе" клубу менен келишим түзөт. 2013-2014-жылдары Казакстандын лигасында "Кайрат" жана "Кайсар" футболдук клубдарында ойногон.
2015-жылы Антон Землянухиндин футбол талаасындагы чеберчилигин сербиялык клуб байкап калып, Землянухин Ниш шаарынын "Раднички" клубунда ойноого сунуш алат. Бир жылдан кийин Землянухин пайдалуу келишимдин артынан Таиландга кетип, "Сисакет" футболдук клубу менен келишим түзгөн. 2016-жылы "Сукхотай" футболдук клубуна өткөн.
2017-жылы Землянухин орусиялык "СКА-Хабаровск" клубу менен келишим боюнча макулдашкан. Бирок футболчу жаракат алып, аталган клубга өтө албай калган.
2018-жылы февраль айында казакстандык "Атырау" футболдук клубуна өтүп, ийгиликтүү оюн көрсөтүп келген. Сезондун аягында Землянухин казакстандык клуб менен келишимди бузуп, Бишкектин жаңы түзүлгөн "Илбирс" клубуна өткөн.
Бишкектик клубга өткөнү менен Антон Землянухин жаракатынан улам Өлкө биринчилигинде ойногон жок.
Улуттук курама командада Антон Землянухин 25 беттешке катышкан. Бул беттештерде ал 12 гол жаратып, өлкөбүздүн мыкты бомбардири саналып келет.