12-декабрга караган түнү футбол боюнча Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын 6-туру старт алды. Анда оюн талаасында 4 тайпадагы 16 команданын беттеши өттү.
Анда "Барселона" - "Тоттенхэм", "Монако" - "Боруссия", "Ливерпуль" - "Наполи" жана башка беттештер орун алды.
"Барселона" - "Тоттенхэм"
Испаниялык "Барселона" менен англиялык "Тоттенхэмдин" беттеши 1:1 эсеби менен аяктады. Беттештин 7-мүнөтүндө испаниялык команданын оюнчусу Дембеле эсеп санын ачса, беттештин соңуна 5 мүнөт калганда Лукас Моура эсепти тең кылып кетти.
"Барселона" буга чейин эле Чемпиондор Лигасынын плей офф баскычына жолдомону камсыздап койсо, "Тоттенхэм" кошумча көрсөткүчтөр менен "Интерден" ашып, кийинки этапка өттү.
"Монако" - "Боруссия"
Германиялык "Боруссия" конокто франциялык "Монако" менен кездешип, 2:0 эсебинде жеңип алды. Беттештин жүрүшүндө Геррейру 2 жолу айырмаланып, командасына жеңиш алып келди. Бул жеңиш менен "Боррусия" "А" тайпасынан 1-орун менен кийинки баскычка өттү. "Монако" 6 турдун ичинде 1 упайга гана ээ болуп, мелдештен четтеди.
"Брюгге" - "Атлетико Мадрид"
"Атлетико Мадрид" футболдук клубу бул түнү "Брюгге" менен кездешти. Беттеш 0:0 эсеби менен аяктап, "Атлетико" 6 турда 13 упай топтоп, кийинки этапка 2-орун менен өттү.
"Црвена Звезда" - ПСЖ
Франциялык ПСЖ конокто сербиялык "Црвена Звезданы" 4:1 эсебинде утканга жетишти. ПСЖ бул жеңиш менен 11 упай топтоп, "С" тайпасынан 1-орун менен кийинки баскычка өттү. Ал эми, "Црвена" мелдештен четтеди.
"Ливерпуль" - "Наполи"
"Ливерпуль" өз талаасында "Наполини" кабыл алып, 1:0 эсеби менен жеңип алды. Беттеште Мохаммед Салах эсепти ачганга үлгүргөн. Бул жеңиш менен "Ливерпуль" жана "Наполинин" упайлары бирдей болуп, кийинки этапка кошумча көрсөткүчтөр менен "Ливерпуль" өттү.
"Галатасарай" - "Порту"
Ошондой эле "D" тайпасынан 6 турдун ичинде 16 упай топтогон "Порту" жана 11 упай топтогон "Шальке" кийинки этапка өттү.
"Интер" - ПСВ