Кечээ, 11-декабрда Казакстандын Шымкент шаарында жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, кыргыз спортчулары байгелүү орундарга илиништи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Аталган мелдешке 10 өлкөдөн 180ден ашуун спортчу барып катышты. Мелдеш жаа атуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк федерациясынын долбоорунун алкагында өткөн.
Мелдеште кадеттер арасында кыргыз спортчу Айтурган Маматкулова алтын медалды тагынып, өспүрүмдөр арасындагы мелдеште Диана Канатбек кызы күмүш медалды тагынды.