Орусиянын Краснодарский крайындагы Крым районунун аймагынан 3 кыргыз мигрантынын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн дене мүчөлөрү табылды. Бул тууралуу орусиялык ММКлар жарыялашты. Маалыматка таянсак, аталган жарандар Кубань аймагына иш издеп барышкан. Алар 2013-жылдын 25-июнунан бери дайынсыз болгон. 11-июлда алардын жоголушу боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөдө үчөө тең өлгөнү белгилүү болду. Кылмышка күнөөлөнүп жергиликтүү 2 жаран кармалып, үчүнчүсү изделип жатканы кабарланды. Тергөөдө булар белгилүү болду: 24-июнда Нижнебаканск аймагындагы кафелердин биринде мигранттар менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда уруш чыгып, мушташка айланган. Кыргызстандыктар окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок жергиликтүү тургундар алардын бирөөсүн кууп жетип сабап, колу-бутун байлап салышкан. Ага жардам бергени кайрылып келген экөөсү да токмоктолуп, байланган. Андан соң аларды ээн талаага алып барышып бир нече жолу бычак сайышып, акырында баштарына тапанча менен атып өлтүрүшкөн. Каза болгондорду өрттөп, ошол жерге көмүп салышканын кармалгандар тергөөдө айтып беришти. Алардын денелери көмүлгөн жерди экспертиза иликтеп, учурда кылмыш боюнча тергөө жүрүүдө.