13-декабрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын акыркы беттештери орун алды. Анда 4 тайпадагы командалар беттешип, плей-оффко чыккан бардык командалар аныкталды.
Бул күндүн негизи оюндарында "Реал Мадрид" - ЦСКА, "Аякс" - "Бавария", "Валенсия" - "Манчестер Юнайтед" жана башка беттештер өттү.
"Реал Мадрид" - ЦСКА
"Реал Мадрид" Сантьяго Бернабеу стадионунда орусиялык ЦСКАны кабыл алды. Беттеш 0:3 эсеби менен орусиялык команданын жеңиши менен аяктады. Беттештин жүрүшүндө Федор Чалов, Георгий Щенников жана Арнор Сигурдссон гол киргизишти.
"Виктория" - "Рома"
Чехиянын Пльзень шаарындагы "Доосан-Арена" стадионунда жергиликтүү "Виктория" италиялык "Романы" жеңип алды. Талаа ээлери "Романы" 2:1 эсебинде жеңип алганга жетишти. "Виктория" командасынан Ян Коваржик менен Томаш Хоры айырмаланса, "Ромадан" Женгиз Ундер гол киргизди.
"Янг Бойз" - "Ювентус"
Швейцариянын Берн шаарында "Стад де Сюисс" стадионунда "Янг Бойз" менен италиялык "Ювентус" ойноду. Беттеш 2:1 эсебинде "Янг Бойз" командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды. "Янг Бойз" командасынан 2 голду Гийом Оаро жаратса, "Ювентус" Пауло Дибаланын голу менен жооп кайтарды.
"Манчестер Сити" - "Хоффенхайм"
Англиянын Манчестер шаарында жергиликтүү "Манчестер Сити" германиялык "Хоффенхайм" менен күч сынашты. Беттеш 2:1 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Беттештин жүрүшүндө эсеп санын "Хоффенхаймдын" оюнчусу Андрей Крамарич ачса, Лерой Сане 2 гол киргизип, командасына жеңиш алып келди.
"Валенсия" - "Манчестер Юнайтед"
Испаниялык "Валенсия" Месталия стадионунда англиялык "Манчестер Юнайтедди" кабыл алды. Беттеште "Валенсиянын" оюнчулары 2 гол киргизип, "Манчестер Юнайтед" 1 гол менен жооп кайтарды. Оюнда испаниялык команданын оюнчулары Карлос Солер жана Фил Жонс, англиялык командадан Маркус Рэшфорд гол киргизген.
"Аякс"-"Бавария" - 3:3
"Шахтёр"-"Лион" - 1:1
"Бенфика"-АЕК 1:0