"Балам мал бакканга сатылып кетти окшойт" дейт Нарында дайынсыз изделип жаткан Мирбек Самудиновдун атасы

Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы Мирбек Самудинов изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан жарандын атасы Самудин Асанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Мирбек Самудинов 17-августта Ак-Кудук айыл аймагынын Аян-Булак айылындагы үйдөн чыгып кеткен.

"Мирбек 12 жашына чейин Ат-Башыдагы таяне-таятасынын колунда чоңойгон. Мен алар каза болгондон кийин багып алгам. Андан кийин үйлөндү, жубайы жана 1-класста окуган кызы бар. Баламдын элирме оорусу бар. Былтыр Ат-Башыга кетип калып, бир жарым айдан кийин үйгө алып келгем. Быйыл август айында кайра Ат-Башыга кетип калганын ал жактан көргөндөр бизге кабар беришкен. Кийинчерээк аталган райондун Кара-Булуң айылынан бир фермер бала менен таанышып чогуу жүрөт деп угуп калдым. Анан өзүм ал адам менен телефон аркылуу таанышып, Мирбекти сурап, сүйлөшүп турчубуз. Балам болсо "ата 12-ноябрда акчамды колума алсам эле барам" деген. Бирок 12-ноябрда фермер баланын телефону өчүп, анан эле балам дайынсыз болуп кетти. Менин оюмча, ал адам уулумду бир жакка алып барып салгандай. Себеби анын алыскы сарайларда көп уйлары бар деп уккам, балким, баламды ошол жакка айдап жибердиби же сатып жибердиби билбей жатабыз. Өткөн аптада Ат-Башы районуна барып, ал жаранды таппай койдум. Мирбектен да дайын жок", - деди ал.

Эгерде сүрөттөгү дайынсыз жоголгон жаранды көргөндөр болсо, төмөндөгү номерлер аркылуу байланышып коюну жакындары суранат: 0709 20 36 53.

Ошондой эле, редакция бул маалымат боюнча экинчи тараптын оюн угуп, жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bazana
2018-12-13 14:36:51
Милицияга арыз жазсанар тиги фермерди заматта таап дайынын билип берсе керек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан