13-декабрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын группалык баскычынын акыркы оюндары ойнолуп, бардык плей-офф баскычына өткөн командалар аныкталды.
8 тайпага бөлүнгөн 32 команда өз ара күч сынашып, 1-2-орунду алган командалар Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалына, 3-орунду ээлеген клубдар Европа Лигасынын 1/16 финалына өтүштү.
"А" тайпасы
"А" тайпасынын фавориттери "Боруссия Дортмунд" менен "Атлетико Мадрид" клубдары 1-2-орунда удаа жайгашып, плей-офф баскычына жолдомо алышса, "Брюгге" клубу 3-орун менен Европа Лигасына өттү. "Монако" клубунан тайпанын фавориттери менен тең тайлашкан беттеш күткөн күйөрмандардын ишеничи акталган жок. Клуб болгону 1 упай топтоп, мелдештен четтеп калды.
"В" тайпасы
"В" тайпасындагы беттештер аягына чейин кызыктуу жүрдү. "Барселонанын" 1-орунга чыгарына алдын ала макул болгон командалар 2-орун үчүн кызуу таймаш жүргүзүштү. Акыркы турда "Тоттенхем" конокто "Барселона" менен тең чыкса, "Интер" ПСВ менен өз үйүндө 1:1 эсебинде ойноп, жеңе алган жок. Жыйынтыгында англиялык клуб да, италиялык клуб да 8ден упай чогултуп, өз ара беттештердин жыйынтыгы менен "Тоттенхем" жарым чейрек финалга жолдомону илип кетти. Эми "Интер" клубу Европа Лигасында күчүн сынайт.
"С" тайпасы
"С" тайпасында Франциянын дөө-шаа клубу ПСЖ 1-орунду ээлеп, кийинки баскычка өттү. Өткөн сезондун финалчысы "Ливерпуль" менен бул жылы Италия чемпионатында жакшы жыйынтык көрсөтүп келе жаткан "Наполи" 9дан упай топтогону менен, кошумча көрсөткүчтөрү мыкты болгон англиялык команда жарым чейрек финалда ойномой болду. Карло Анчелоттинин шакирттери Европа Лигасына жолдомо алса, сербиялык "Црвена Звезда" мелдештен четтеп калды.
D тайпасы
Башка тайпаларга салыштырмалуу D тайпасында бири-бири менен деңгээли бирдей командалар бет келишти. Буга байланыштуу алдын ала кайсы клуб фаворит экенин айтуу кыйын эле. Тайпалык беттештердин жүрүшүндө португалиялык "Порту" клубу мыкты оюн көргөзүп 16 упай менен 1-орунга жайгашты. Ал эми плей-офф баскычына экинчи жолдомону 11 упай топтогон германиялык "Шальке 04" клубу илип кетсе, Түркиянын командасы "Галатасарай" 4 упай менен Европа Лигасында ойной турган болду. Өткөн сезондо Орусиянын чемпиону болгон "Локомотив" клубу 3 упай менен беттешти таштап кетти.
"Е" тайпасы
"Е" тайпасынын фаворити аталган "Бавария" клубу 14 упай менен биринчи орунга жайгашса, 2-орунду Голландия өлкөсүнүн легендарлуу клубу "Аякс" алып, Чемпиондор Лигасынын кийинки баскычына өтүштү. 7 упай топтогон Португалиянын "Бенфика" клубу Европадагы 2-даражалуу мелдешке өтсө, грециялык АЕК клубу 6 оюндун жыйынтыгында бир да упай топтой албай акыркы орунда калды.
"F" тайпасы
Көпчүлүк алдын ала күткөндөй эле, Хосеп Гвардиоланын шакирттери тайпанын алдыңкы сабынан орун алды. 2-орун үчүн болгон "Лион" жана "Шахтёр" клубдарынын арасындагы күрөштө франциялык клуб чапчаңдык кылып, украиналык команданы Европа Лигасына жөнөттү. Акыркы жылдары Германия чемпиондугунда лидерлердин катарына кошулган "Хоффенхайм" клубу бул жылкы Чемпиондор Лигасында болгону 3 упай топтоп тайпадан чыга алган жок.
"G" тайпасы
"G" тайпасында өткөн сезондогу Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсүнө каршы "Рома", "Виктория" жана ЦСКА клубдары каршы ойношту. Мадриддик клуб 12 упай менен лидерликти камсыздай алса, 2-орунга италиялык "Рома" клубу ээ болду. 7 упай топтогон "Виктория" кошумча көрсөткүчтөрдүн негизинде 3-орунду алып, Европа Лигасына жолдомо алды. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө туулган футболчу Ильзат Ахметовдун командасы ЦСКА клубу "Реал Мадридди" 1:0 жана 0:3 эсебинде 2 жолу утканы менен, тайпада 4-орунга жайгашып, беттештен четтеп калды.
"Н" тайпасы
Криштиану Роналдунун жаңы клубу тайпалык баскыч жыйынтыкталганга чейин эле плей-офф баскычына жолдомо алган. Соңунда 12 упай менен 1-орунга жайгашты. "Ювентустун" негизги атаандашы катары саналган "Манчестер Юнайтед" 10 упай менен 2-орунга ээ болду. Ал эми испаниялык "Валенсия" клубу мактоого татырлык оюндарды көрсөтө алганы менен, 3-орунга жайгашып, мындан ары Европа Лигасында оюн көрсөтүүчү клубга айланды. Швейцариянын "жаш жигиттери" 4 упай менен 4-орунду алып, мелдешти таштап кетти.
Тайпалык баскычтын жыйынтыгы менен плей-офф баскычына төмөндөгү 16 мыкты команда өттү:
Англия:
Испания:
Германия:
Италия:
Франция:
Португалия:
Голландия
Плей-офф баскычына өткөн командалар чүчү кулактын негизинде бири-бирине каршы ойношот. Чүчү кулак 17-декабрда ташталып, жарым чейрек финалдын алкагындагы оюндар февраль айында башталат.