Кыргыз спортчулары Казакстанда өтүүчү оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште күч сынашат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти.
СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Вилорий Пактын жаркын элесине арналган мелдеш Казакстандын Кокшетау шаарында 17-24-декабрь аралыгында өтөт. Кыргыз өлкөсүнөн 12 спортчу уландар, өспүрүмдөр категорияларында жана кыздар арасындагы мелдешке катышат.
Кыргыз курама командасы:
Уландар арасындагы мелдеште:
49 килограммга чейинки салмак ченинде: Шернияз Сыргабек уулу;
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Акбар Марс уулу жана Элизар Таиров;
61 килограммга чейинки салмак ченинде: Марлис Алмазбек уулу;
67 килограммга чейинки салмак ченинде: Руслан Тажидинов;
73 килограммга чейинки салмак ченинде: Кубатбек Баишбек уулу;
81 килограммга чейинки салмак ченинде: Эржан Турсунбаев;
Өспүрүмдөр арасындагы мелдеште:
73 килограммга чейинки салмак ченинде: Майрамбек Рыскул уулу;
81 килограммга чейинки салмак ченинде: Эмиль Молдодосов жана Бексултан Жолдошалиев;
89 килограммга чейинки салмак ченинде: Адилет Жаныбеков;
Кыздар арасындагы мелдеште:
64 килограммга чейинки салмак ченинде: Раушан Чолпонбек кызы.