Жашы жете элек кызды чек арадан башка бирөөнүн документи менен алып өтүүгө аракет кылган аял кармалды

Жашы жете элек кызды башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен чек арадан алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы А.С. аттуу аял "Чалдыбар - унаа жолунун" көзөмөл-өткөрүү пунктунан жашы жете элек кызды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Текшерүү учурунда 13 жаштагы Б.Б. аттуу кыз болгон. Аялдын жүрүм-турумунан улам чек ара кызматкерлери аны текшерүүгө алышкан.

"А.С. аттуу аял жашы жете элек кызды башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен алып өтүп баратканы далилденди. Иш тергөө үчүн УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп маалымдашты аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан