Футзал боюнча Кыргыз улуттук курамасы ысык-көлдүк командадан утулуп калды

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы жолдоштук беттеште ысык-көлдүк клубга жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Белгилүү болгондой, футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн. Анын алкагында Кыргыз курамасы ысык-көлдүк "Мурас" клубу менен беттешти. Беттештин 17-мүнөтүндө Адилет Култаев эсеп санын ачкан. Ал эми 2-бөлүгүндө "Мурастын" оюнчусу Алексей Азизов эсепти тең кылып, андан соң оюндун аягына 1 мүнөт калганда дагы бир гол жаратып командасына жеңиш алып келди.

Беттештен кийин Кыргыз улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов окуу-машыгуу жыйындарынын максаттары тууралуу айтып берди.

"Мурас" командасы тактикалык жактан жакшы даяр экен. Бул жыйындардагы биздин максатыбыз жаңы оюнчуларды карап көрүү жана жаңы тактикаларды текшерүү болду. Менин оюмча, бул окуу-машыгуу жыйындары абдан кызыктуу өттү", - деп айтты Муканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан