Кыргыз футболчулары эми ЕАЭСтин аймагында легионер катары саналбайт

Кыргыз футболчулары ЕАЭСтин аймагында легионер катары саналбайт. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.
"Евразиялык экономикалык союздун сотунун чыгарган чечимине ылайык, союзга мүчө болгон өлкөлөрдүн спортчулары ЕАЭСтин аймагында легионер катары саналбайт.
Сот аталган чечимдин аткарылбаганын ЕАЭСтин коюлган максаттарына жетүүгө тоскоолдук жаратат деп эсептейт. Соттук коллегиянын пикири боюнча, ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттер Евразиялык экономикалык комиссиясынын бүтүмүн аткарууга милдеттүү. Эгер каршы пикирлер болсо, белгиленген тартипте даттанууга болот", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Евразиялык экономикалык союздун курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Кыргыз өлкөлөрү кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-12-14 14:05:30
Легионер болуп лимиттин айынан биздикилер Россияда ойной албай кыйналып жатса мейли эле.Жакшы техничный,скоростной таланттуу оюнчу болсо,эч нерсесине карабай Европанын любой командасы тартып кетмек.Андайлар жок да бизде,орустардын озунун жонокой оюнчулары менен тен тайлаша албайт!!!
0
TalaCSKA
2018-12-14 14:15:55
Эми Ильзат Ахметовту кандай гана жол менен болбосун Кыргызстандын курамасына алып келиш керек
-2
Modric10
2018-12-14 14:50:21
Ильзат акылдуу жигит экенсин. Жаштыгынды бекерге коротпой чон футболго жол алдын.
А биздеги жанылыктарды угуп турасын. Ийгиликтерге жетиш ылайым
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан