Испаниялык "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси италиялык "Интер" клубуна өтүшү мүмкүн. Мындай маалыматты чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, италиялык агент Алессио Сундас жакында эле "Барселонанын" директору жана Мессинин атасы менен бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
"Алар бул ирет менин сунушума өтө деле каршы чыгышкан жок. Мындан улам мен Мессини Италия чемпиондугунда көрүү үчүн аракетимди улантам", - деди ал. Анын айтымында, Мессини сатып алууга "Интер" клубунун гана мүмкүнчүлүгү бар. "Бул трансфер Криштиану Роналдунун "Ювентуска" өткөнү сыяктуу болот", - деген Сундес.