Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына 60 жаштагы спорт ардагери 16 килограммдык гиряны 2618 жолу көтөрөт

22-декабрда спорт ардагери Александр Петров Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына гиря көтөрүү боюнча марафон өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Белгилүү болгондой, Александр Петров жазуучунун урматына 16 килограмм салмактагы гиряны 2618 жолу көтөрүүнү пландап жатат.

"Марафон 22-декабрда, Бишкектеги спорт клубдарынын биринде болот. Спорт ардагери көтөрүүнү пландап жаткан гирянын жалпы салмагы 41 тоннадан ашат. 60 жаштагы Петров ушул жылдын башында 1 саат 33 мүнөттө 2018 жолу гиря көтөрүп, өзүнүн рекордун жаңылаган", - деп айтылат маалыматта.

Александр Петровдун гиря көтөрүү спорту боюнча жетишкендиктери:

  • Орто-Азия округунун чемпиону - 1987-жыл;
  • СССРдин чемпионатында күмүш медалдын ээси - 1989-жыл;
  • Европанын жана Дүйнөнүн чемпиону - 2013-жыл;
  • Ардагерлер арасында Европа чемпиону - 2014-жыл;
  • Гран-принин жеңүүчүсү, ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2016-жыл;
  • Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2017-жыл;
  • Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2018-жыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Elmiraattokurkyzy
2018-12-14 15:10:28
Озунуз жашынан караганда кыйла жаш корунот экен
+2
rususu
2018-12-16 23:18:35
Оо кандай гана кучтуу адам ээ,ден соолукту баалаган киши экен.
0
rususu
2018-12-16 23:21:21
Бар болунуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан