Кытайдын белгилүү спорт басылмасы "Азиянын мыкты футболчусу" наамына талапкер болгондорду атады. Тизменин арасында Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин бар.
2018-жылдын мыктысы наамы үчүн 24 футболчу ат салышып, алардын катарына учурда Орусиянын "Енисей" футболдук клубунда ойноп жаткан Кичин да кирген.
Аталган сыйлык 2013-жылы негизделип, "Тоттенхэм" клубунун оюнчусу түштүк кореялык Сон Хын Мин 3 жолу жеңишке ээ болгон. Ошондой эле "Лестер" клубунун футболчусу, япониялык Синдзи Окадзаки жана анын жердеши "Мельбурн Виктори" клубунун футболчусу Кейсукэ Хонда бир жолудан "Азиянын мыкты футболчусу" аталышкан.
Жеңүүчү Азия футбол конфедерациясынын курамына кирген өлкөлөрдүн спорт журналисттеринен жана АФКнын сыртындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринен түзүлгөн калыстар тобу тарабынан аныкталат.