Алгач өзүн Кыргыздын деми атап, андан соң блоггер, ырчы катары таанылган Гүлзат Мамытбек "Эквадор" аталышындагы жаңы чыгармасынын клибин элге тартуулады. Ал клип тууралуу буларга токтолду.
"Мен интернеттен эквадорлук Пауло деген адам менен таанышып калдым. Ал менин элге дем берген видеолорумду көрүп, "Эквадорго келип да, элге дем берип кетпейсиңби" деген сунушун айтты. Мен макул болдум. Ошентип "Эквадор" чыгармасы жазылып, клиби аталган өлкөдөн тартылды", - деди ал.
Ошондой эле клип тартуу учурунда болочок жолдошу менен таанышканын айтты.
"Мени чакырган Паулонун Хуан деген режиссёр иниси бар экен. Клип тартуу учурунда аны менен таанышып калдым. Дароо эле жылдызыбыз келишип, жакшы сүйлөшүп кеттик. Ал аябай акылдуу, менин деңгээлимдеги адам. Анын үстүнө экөөбүздүн келечектеги максаттарыбыз бир. Хуан менен таанышканыма 1 айдан ашып калды. Биз бир гана жолу жолукканбыз, калган убакытта интернет аркылуу байланышып турабыз. Ал мусулмандарды сыйлагандыктан, биздин өлкөгө келип, нике кыйдырууга макул болду. Ал эми үлпөт тойду жазында Голливудда өткөрүүнү пландап жатабыз", - деди ал.
Гүлзат Мамытбектин болочок жолдошу тууралуу маекти төмөнкү видеоматериалдан көрө аласыздар.