Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бодибилдинг, фитнес жана фитнес-бикини боюнча Өлкө чемпиондугу өткөрүлдү.
Аталган мелдеште катышуучулар денесинин булчуңдарын көрсөтүү менен күч сынашты. Мелдешке эркектер жана кыз-келиндер катышты.
Бул мелдешке жалпы эсепте 70тен ашуун спортчу катышып, бодибилдинг, фитнес (эркектер) жана фитнес-бикини (кыз-келиндер) тартиптери боюнча тирешти. Сынактар бодибилдинг тартибинде 4 категорияда, фитнес жана фитнес-бикини тартиптеринде 3 категория боюнча өттү. Мелдештин аягында ар бир тартиптин жеңүүчүлөрү абсолюттук категорияда күч сынашып, эң мыктылар аныкталды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Бодибилдинг тартибинде:
- Абсолюттук чемпион: Эмилбек Надырбаев.
- Классикалык бодибилдинг:
- 1-орун: Константин Пушняков;
- 2-орун: Артём Путинцев;
- 3-орун: Юрий Авдиенко.
- Ардагерлер арасында:
- 1-орун: Алексей Горностаев;
- 2-орун: Александр Новицкий;
- 3-орун: Владимир Капустин.
- 90 килограммга чейинки салмак ченинде:
- 1-орун: Сергей Семенов;
- 2-орун: Руслан Исмаилов;
- 3-орун: Жанат Муратов.
- 90 килограммдан жогорку салмак ченинде:
- 1-орун: Эмилбек Надырбаев;
- 2-орун: Николай Кривошеев;
- 3-орун: Никита Тишанский.
Фитнес тартибинде:
- Абсолюттук чемпион: Ибрагим Тошхожаев.
- 170 сантиметрге чейинки категорияда:
- 1-орун: Азат Жакеев;
- 2-орун: Мыйзам Капарбеков;
- 3-орун: Карим Алимухамед уулу.
- 176 сантиметрге чейинки категорияда:
- 1-орун: Нурадил Исакматов;
- 2-орун: Дастан Олжобай уулу;
- 3-орун: Дастан Бурканов.
- 176 сантиметрден жогорку категорияда:
- 1-орун: Ибрагим Тошхожаев;
- 2-орун: Талгат Укубаев;
- 3-орун: Чоро Ибраимкулов;
Фитнес-бикини тартибинде:
- Абсолюттук чемпион: Анна Ткачук.
- 164 сантиметрге чейинки категорияда:
- 1-орун: Анна Ткачук;
- 2-орун: Диана Дроздова;
- 3-орун: Даяна Турдиева.
- 172 сантиметрге чейинки категорияда:
- 1-орун: Виктория Белова;
- 2-орун: Анастасия Бурдовицина;
- 3-орун: Айнура Мусилова.
- 172 сантиметрден жогорку категорияда:
- 1-орун: Юлия Машкевич;
- 2-орун: Светлана Кошелева;
- 3-орун: Елена Новоселова.