Чүй облусунун Беловодск айылындагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттөн турак үйдүн ичиндеги эмеректер күйгөн. Ошондой эле өрттүн кесепетинен 59 жаштагы Б.В. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.