Бишкекте соодагердин 50 миң сом, 300 долларын уурдаганга шектүү аял кармалды


Бишкекте базардан соодагердин акчасын уурдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз аял анын соода ордуна кирип 50 миң сом жана 300 доллар өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган А.К. аттуу аял кармалган.

"Кылмышка шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары улантылууда. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан