Кипрдеги аскер полигонунда минага жарылып каза болгон 13 жаштагы бала боюнча маалымат такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аскер полигонундагы 13 жаштагы баланын өлүмү боюнча маалымат тараган соң Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги тарабынан окуянын чоо-жайын билүү максатында расмий кат жөнөтүлгөн. Учурда ага жооп келе элек, маалымат келери менен так маалымат берилет", - деп билдиришти мекемеден.
Айта кетсек, чет элдик маалымат каражаттары 13-декабрь күнү дайынсыз жоголгон Мустафа Исмаилов аттуу бала эртеси аскер полигонунан табылганы жазылган. Ал атышуу учурунда жарылбай калган минаны басып алып каза болгону айтылууда.