Лионель Месси жыл башынан бери 50 жолу гол киргизди

"Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси Испания чемпиондугунун алкагында өткөн "Леванте" - "Барселона" беттешинде 3 гол жаратып, 2018-жылы киргизген голдорунун санын 50гө жеткирди.

"Барселонанын" расмий баракчасынын маалыматына ылайык, Мессинин мындай жетишкендиги акыркы 9 жыл ичинде 8-жолу кайталанып жатат. Тактап айтканда, чабуулчу 2010-жылдан бери бир гана 2013-жылы 45 гол жаратса, калган жылдардын баарында 50 же андан ашык жолу айырмалана алган.

Мындан сырткары, каталондук клубдун лидери бул сезондун башталышынан берки голдорунун санын 14кө жеткирип, Европадагы топ-чемпиондуктардын бомбардирлеринин арасында алдыга чыкты.

"Барселона" 16 турдун жыйынтыгында 34 упайга ээ болуп, испан чемпиондугунда 1-орунда келе жатат. 2-жана 3-орунда 31 упайы менен "Севилья" жана "Атлетико" клубдары жайгашкан.

Лионель Мессинин 2010-жылдан берки көрсөткүчтөрү:

  • 2010-жыл - 60 гол,
  • 2011-жыл - 59 гол,
  • 2012-жыл - 91 гол,
  • 2013-жыл - 45 гол,
  • 2014-жыл - 58 гол,
  • 2015-жыл - 52 гол,
  • 2016-жыл - 59 гол,
  • 2017-жыл - 54 гол,
  • 2018-жыл - 50 гол.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azi81
2018-12-17 17:57:17
Месси барибир месси да,Алга Месси!!!
+12
Kristianuronaldu
2018-12-17 18:56:12
Месси же роналду алтын топту алыш керек еле
-1
Dembele84
2018-12-17 19:59:56
Месси легенда !!!
+7
Boha1
2018-12-17 21:58:12
Месси тарыхта аты калды да
+5
Zamirbekkg
2018-12-18 16:45:21
урматтуу супер инфо башка футболисттердин да голдорун чыгарсан кучтуу ондук дегендей кылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан