Бүгүн, 17-декабрда УЕФАнын Европа Лигасынын плей-офф баскычына чүчү кулак ташталып, атаандаштар аныкталды.
Бул баскычта 12 тайпада алдыңкы 2 орунду ээлеген 24 команда жана Чемпиондор Лигасында 3-орунду ээлеп, тайпадан чыга албай калган 8 команда бар. Алар тайпадан биринчи орунду алган командалар, Чемпиондор Лигасы аркылуу келген 4 мыкты команда жана тайпадан 2-орунду алган командалар жана Чемпиндор Лигасынан келген 4 команда болуп 2 топко бөлүндү.
Чүчү кулактын шарттарына ылайык, 1 топтогу командалар, бир өлкөнүн командалары жана 1 тайпада ойногон командалар бири-бирине каршы ойной албайт. Ошондой эле коопсуздук маселелери эске алынып, орусиялык жана украиналык командалар бири-бири менен беттеше албайт.
1/16 финалынын жуптары:
"Виктория" - "Динамо Загреб "
"Брюгге" - "Ред Булл Зальцбург"
"Рапид" - "Интер"
"Славия" - "Генк"
"Краснодар" - "Байер"
"Цюрих" - "Наполи"
"Мальме" - "Челси"
"Шахтёр" - "Айнтрахт"
"Селтик" - "Валенсия"
"Ренн" - "Бетис"
"Олимпиакос" - "Динамо Киев"
"Лацио" - "Севилья"
"Фенербахче" - "Зенит"
"Спортинг" - "Вильярреал"
БАТЭ - "Арсенал"
"Галатасарай" - "Бенфика".
Европа Лигасынын 1/16 финалдык беттештеринин алгачкы оюндары 14-февралда, жооптук беттештер 21-февралда болот. Финалдык беттеш 29-майда Азербайжандын Баку шаарындагы "Олимпийский" стадионунда орун алат.