Ысык-Ата РИИБинин кызматкери 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Ысык-Ата РИИБинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-июлда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы укук короо кызматкерлеринин коррупцияга катыштыгы боюнча текшерүү жүргүзүү учурунда Ысык-Ата РИИБинин И.Ш. аттуу кызматкери кылмыш ишин жабуу үчүн 2 жарандан 5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Бул факт боюнча “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Пара алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга камалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur_chik
2013-07-17 10:36:46
Позор милиции. У него (лично у него) нет, даже мелоч совести.
0
dikeii
2013-07-17 10:51:06
тыгып камап койгула паракорлуктуу жоюу учун катуу чара колдонуп, жакшылап курошуш керек. башкаларга да сабак болот, камагыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан